Хоккей: Финляндияга кимдер барат?
Шайба менен ойнолчу хоккейден быйылкы жылкы дүйнөлүк биринчилик Латвияда жыйынтыкталып Канада чемпион болду. 2022-жылкы дүйнөлүк биринчилик Финляндияда өтөт. Ага 16 команда катышат. Чүчү кулак ташталгандан кийин командалар 8ден эки топко бөлүнүштү. Биринчилик Финляндиянын эки шаарында уюштурулат. А тобу Хельсинкиде, В тобу Тампере шаарында ойнойт.
А: Канада, Россия, Германия, Швейцария, Словакия, Дания, Казакстан, Италия.
В: Финляндия, АКШ, Чехия, Швеция, Латвия, Норвегия, Беларусь, Улуу Британия.