Ысык-Көл биосфералык аймагын зоналаштыруу боюнча жумушчу жыйын өттү

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 147

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилигинде Ысык-Көл биосфералык аймагын зоналаштыруу жана укуктук базаны өркүндөтүү маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга ӨКМдин Токой кызматынын, Жер ресурстары агенттигине караштуу «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери катышты.

Жолугушууда биосфералык аймакты зоналаштыруу иштеринин жүрүшү, аларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу маселелери кеңири талкууланды. Ошондой эле эл аралык талаптар менен улуттук мыйзамдардын ортосундагы айырмачылыктар каралып, Ысык-Көл биосфералык аймагынын өзгөчө макамын сактап калуу максатында колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларды өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасына зоналаштыруу иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы берилди. Мындан тышкары, министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө мыйзам долбоорлорун даярдоо жана ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча конкреттүү милдеттер жүктөлдү.

Белгиленгендей, аталган чаралар Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоого, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X