Кондиционерлүү YUTONG автобустары Бишкекте каттамга чыкты

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Бишкекке кондиционер менен жабдылган, узундугу 12 метр болгон 95 жаңы YUTONG автобусу алып келинди. Учурда алар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.

Бүгүн, 17-сентябрда саат 05:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыкты. Алардын ичинен жаңы YUTONG автобустары №153 каттамда иштей баштады. Буга чейин бул каттамда жүргөн автобустар шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлдү.Возможно, это изображение вагонетка

Калган жаңы автобустар да жакынкы убакта этап-этабы менен каттамдарга чыгарылат. Алар шаардагы коомдук транспорттун санын көбөйтүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X