Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулады

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Кечээ, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле парламенттер аралык диалог өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.Возможно, это изображение Овальный кабинет

Мындан тышкары, тараптар гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда эки тарап кыргыз-швейцариялык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X