Салык төлөөчүлөр каттоо маалыматтарын текшербесе, эсептерине чектөө коюлушу мүмкүн
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарын текшерип, зарыл болгон учурда жаңылоого чакырат.
Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан кабинеттин «Сервистер» бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формалары аркылуу жүргүзүлөт.
Анда салыктык каттоонун району иш жүзүндө иш жүргүзүлгөн же мүлк жайгашкан жерге шайкеш келери, салыктар менен салык режимдери туура көрсөтүлгөнү, ошондой эле байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугу текшерилиши керек.
Эгерде маалыматтарда дал келбестиктер аныкталса, аларды тактоо жана оңдоо үчүн катталган жери боюнча аймактык салык органына кайрылуу зарыл.
Жеке ишкерлер маалыматтарын жаңылоо үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «ЖИни кайра каттоо» онлайн-сервисин да колдоно алышат. Сервисти колдонуу боюнча видео нускама төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=NmgvOs96JQQ .
Салык кызматы каттоо маалыматтарынын эскириши же туура эмес көрсөтүлүшү салыктык милдеттенмелердин туура эмес эсептелишине, банктык эсептер боюнча чектөөлөрдүн киргизилишине жана мыйзамда каралган административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экенин эскертет.
Мекеме талаштуу жагдайлардын алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн маалыматтарды өз убагында текшерип, зарыл учурда жаңылоону сунуштайт.