Нарында 57 млн сомдук имарат курулду

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 97

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы административдик имаратынын курулушу аяктады. Объект Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулду.

Жаңы имараттын жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталып, белгиленген иштер толугу менен аткарылды. Имаратты жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоорго ылайык, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 748 чарчы метрди түзөт. Анда Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Курулуш иштеринин сапаты жана аткарылышы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.

Жаңы имарат мамлекеттик органдын иш шарттарын жакшыртууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X