“Ош-Сити” долбоорунун курулушу текшерилди
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти өлкө аймагындагы курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүүдө.
Бул багытта департаменттин директору Марат Акназаров Ош шаарындагы бир катар ири курулуш объектилерин кыдырды. Анын алкагында Б. Осмонов көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан “Ош-Сити” IT-шаарчасынын курулуш иштери менен таанышты.
Долбоор 32 лоттон туруп, ар биринде 10дон 12ге чейин блок куруу каралган. Турак үйлөрдүн кабаттуулугу 4төн 36 кабатка чейин жетет. Комплекс турак жайларды, социалдык жана коммерциялык объектилерди, ошондой эле IT-инфраструктураны камтыйт.
Текшерүү учурунда курулуш иштеринин бекитилген долбоорго жана ченемдерге шайкештиги, уруксат берүүчү документтердин болушу жана аймакты көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы каралды.
Мамлекеттик көзөмөл иштери өлкө боюнча улантылат. Текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.