Ош облусунда курулуш объектилерине көзөмөл күчөтүлдү

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 61

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров Ош облусундагы шаардык жана региондук башкармалыктардын кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында курулуш объектилериндеги мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, коррупциянын алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүү маселелери каралды.

Марат Акназаров инспекторлорго курулуш иштеринин бекитилген долбоорлорго, курулуш ченемдерине жана техникалык коопсуздук талаптарына шайкеш жүргүзүлүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле нөлдүк цикл аяктаганга чейинки мыйзамдык чектөөлөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.Возможно, это изображение текст

Мындан тышкары, кызматтык тартипти сактоо, жарандар жана курулуш компаниялары менен иштөөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу талап кылынды. Инспекторлорго текшерүү учурунда бодикамераларды үзгүлтүксүз колдонуу жана жүргүзүлгөн иш-аракеттерди белгиленген тартипте каттоо милдеттендирилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышына жооптуу кызматкерлер белгиленди.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X