Ми-8 кырсыгы боюнча эки аскер жетекчиси кармалды
Аскер прокуратурасы 2024-жылы Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашына байланыштуу Куралдуу Күчтөрдүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы К.А. жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири Д.Д. кармады.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 17-январында №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунда окуу-машыгуу учуусу учурунда Ми-8 тик учагы кыйраган. Кырсыктын кесепетинен тик учактын командири С.Ж. каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери ар кандай жаракаттарды алган.
Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 млн сомдон ашканы аныкталган.
Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси бар экендиги аныкталган Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.