Эрмек Бахавадинов Жети-Өгүз районунун акими кызматынан алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бахавадинов Эрмек Ибрагимович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.