Улан Маматканов зомбулукка каршы иш-чарага катышты
Манас шаары, 2026-жылдын 25-ноябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү” эл аралык өнөктүгүнүн расмий башталышына катышты.
Улан Мамактанов өз сөзүндө үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуунун, ошондой эле аялдар менен балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Аялдын коопсуздугу — бул жөн гана жеке маселе эмес, ал — мамлекеттин мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча милдетинин бир бөлүгү. Баланын коопсуздугу да бир үй-бүлөнүн гана иши эмес, ал — жалпы коомдун келечеги алдындагы жоопкерчилик», — деп белгиледи Улан Мамактанов. Ал мамлекеттик аракеттердин натыйжалуулугун баалоодогу негизги өткөрүлгөн жыйындардын саны эмес, тескерисинче, сакталып калган ар бир өмүр, корголгон ар бир укук жана өз убагында жардам алган ар бир адам болушу керектигин белгиледи.
Аялдардын социалдык-экономикалык өз алдынчалыгына өзгөчө көңүл бурулду. Кыздардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүү, алардын мектепти мөөнөтүнөн мурда таштап кетишинин алдын алуу, аялдарга кесиптик билим берүү, ошондой эле алардын жумушка орношуусуна жана ишкердик менен алектенүүсүнө көмөктөшүү — зомбулуктун алдын алуунун негизги багыттары экени белгиленди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы тогуз айында Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун 352 учуру тастыкталган. Ушул эле мезгил аралыгында өлкө боюнча 17 596 убактылуу коргоо ордери берилген. Буга байланыштуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов коргоо чараларынын, анын ичинде зомбулук учурларынын кайталанышынын алдын алуунун иш жүзүндөгү натыйжалуулугун баалоо зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле балдарга көрсөтүлүүчү психологиялык колдоону күчөтүү зарылдыгы айтылды. 2026-жылдын алгачкы тогуз айында «Балдар үчүн» улуттук ишеним телефонуна 6 806 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 458зи психологиялык зомбулукка байланыштуу болгон. Бул кайрылуулардын 655и Жалал-Абад облусунан түшкөн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өз сөзүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн бир катар милдеттерди белгиледи.
Тактап айтканда, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле район акимдерине жана шаар мэрлерине үй-бүлөлүк зомбулук, эрте никеге туруу, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн абалы жана балдардын коопсуздугуна байланыштуу маселелерди камтыган социалдык тобокелдик карталарын иштеп чыгуу тапшырылды.
Укук коргоо органдары менен биргеликте коргоо буйруктарынын аткарылышын, зомбулук көрүнүштөрүнүн кайталанышын жана эрте никеге байланыштуу иштердин жыйынтыктарын талдоо зарыл.
Агартуу министрлигине мектептердин психологдор менен камсыздалышын, алардын кесиптик квалификациясын текшерүү жана бош орундардын иш жүзүндө толукталышын тактоо милдети жүктөлдү. Ошондой эле, эрте никеге туруунун алдын алуу, зомбулук белгилерин аныктоо жана балдарды интернет коркунучтарынан коргоо багытындагы иш-аракеттерди күчөтүү тапышрмалары коюлду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кризистик борборлордун, социалдык кызматкерлердин жана ишеним телефондорунун жеткиликтүүлүгүн баалап, аялдарды жумуш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга багытталган программалардын натыйжалары тууралуу отчет бериши керек.
Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык мекемелерде зомбулук белгилерин эрте аныктоо, жабырлануучуларды коопсуз жардам алуу үчүн багыттоо, ошондой эле психикалык саламаттыкты сактоо адистеринин жардамына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелерин чечүү милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, «16 күн» өнөктүгүнүн алкагында, өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында аялдар менен балдардын жардам алуу механизмдери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган иш-чаралар күчөтүлүшү керек.