Дайырбек Орунбеков: Кыргызстандын туристтик аброю өсүүдө

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Кыргызстанда акыркы мезгилде өтүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар өлкөнүн аброюн көтөрүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.

Анын белгилешинче, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана башка масштабдуу иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүшү Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын жогорулатты. Мунун натыйжасында өлкөгө, анын кооз жаратылышына кызыккан туристтердин жана дүйнөгө белгилүү инсандардын саны өсүүдө.

Ошондой эле 1-декабрда Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо Резорт» туристтик жайынын ачылыш аземине катышуу ниетин билдирген дүйнөлүк жылдыздар, блогерлер жана медиа чөйрөсүнүн белгилүү өкүлдөрү Кыргызстанга келе жатканы айтылды.

«Алар мекенибизди дагы бир жолу жакшы жагынан дүйнөгө таанытат», — деп белгилеген Дайырбек Орунбеков.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X