2027-жылы ажылык сапардын баасы 5800 доллар болот

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156

Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылык сапарынын баасы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына караганда, баанын жогорулашына негизги себептердин бири — Мекке шаарында зыяратчыларды жайгаштыруу шарттарынын өзгөрүшү.

Буга чейин кыргызстандык ажылар вакф мекемелери бөлүп берген мейманканаларга акысыз жайгаштырылып келген. Бирок бул мейманканалар шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкандыктан, зыяратчыларды бирдей тейлөө, аларга өз убагында жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Мындан тышкары, мейманканалардын шарттары да талаптарга толук жооп берген эмес.

Ушуга байланыштуу быйыл ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Натыйжада бардык зыяратчылар бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашып, аларды тейлөө жана зарыл учурда жардам көрсөтүү жеңилдейт.

Муфтият акысыз мейманканалардын ордуна акы төлөнүүчү жайларды тандоо ажылыктын наркынын жогорулашына таасир эткен негизги жагдайлардын бири болгонун белгиледи.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X