«Ала-Тоо Резорттун» ачылышында Morandi тобу ырдайт

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 144

2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын ачылышы өтөт.

Салтанаттын музыкалык программасында белгилүү Morandi тобу өнөрүн тартуулайт. Музыканттар популярдуу чыгармаларын аткарып, иш-чаранын конокторуна майрамдык маанай тартуулашат.

Ачылыш аземи саат 13:00дө башталат. Иш-чарага бардык каалоочулар акысыз катыша алышат.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 144
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X