Бишкекте Сооронбай Жусуевдин музейи ачылды

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 107

Бишкекте Сооронбай Жусуевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган музей ачылды. Музей 27-ноябрда №98 Сооронбай Жусуев атындагы жалпы билим берүү мектебинде салтанаттуу түрдө ачылды.

Ачылыш аземине Октябрь районунун башчысынын орун басары Гүлнур Дорбошова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Татьяна Кузнецова, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, акындын кызы Анара Жусуева жана маданият ишмерлери катышты.Нет описания фото.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор музейдин экспозициясы менен таанышып, акындын жеке буюмдарын, өмүр жолуна байланыштуу материалдарды жана чыгармачылык мурасын чагылдырган экспонаттарды көрүштү.

Салтанат мектеп окуучулары менен мугалимдери даярдаган адабий-музыкалык кече менен уланып, анда акындын ырлары көркөм окулуп, чыгармаларына жазылган обондуу ырлар аткарылды.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуев — Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана белгилүү котормочу.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X