Манастын ысымын Улан-Батордогу көчөгө берүү сунушталды

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

2026-жылдын 27-ноябрында Улан-Батор шаарында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек менен Улан-Батор шаарынын губернаторунун орун басары Балжиннямын Мункхбат жолугушту.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, жолугушууда эки борбор калаанын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, шаар чарбасын башкаруу, абанын сапатын жакшыртуу, калдыктарды иштетүү, коомдук транспортту жаңылоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар Бишкек менен Улан-Батор экология, транспорт жана туруктуу шаардык өнүгүү багыттарында окшош көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеп, бул тармактарда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жолугушууда Улан-Батор шаарындагы көчөлөрдүн бирине кыргыз элинин улуу баатыры Манастын ысымын ыйгаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Монголия тарап бул багытта бир катар көчөлөрдү сунуштаган.

Сунушталган жерлер менен таанышкандан кийин тараптар Манастын ысымын ыйгарууга ылайыктуу көчөнү биргелешип тандоо жана макулдашуу боюнча ишти улантууну чечишти.

Белгиленгендей, бул демилге кыргыз жана монгол элдеринин тарыхый байланышын, өз ара урмат-сыйын жана достугун даңазалоого багытталган.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X