ИИМ «Ала-Тоо Резорттун» ачылышына барчу конокторго эскертүү жасады
1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында өтө турган «Ала-Тоо Резорт» эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышына баруучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда иш-чарага жеткирүү жана транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай сунуштар таралууда. Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды белгисиз адамдарга жана ортомчуларга ишенбөөгө, текшерилбеген банктык эсептерге алдын ала акча которбоого чакырды.
Ошондой эле курорт тоолуу аймакта жайгашкандыктан, ага атайын өтүмдүүлүгү жогору, толук дөңгөлөктүү унаалар менен гана жетүүгө болот.
Коноктор үчүн Жыргалаң айылында унаа токтотуучу жай уюштурулат. Ал жерден ачылыш өтүүчү жайга чейин атайын жол тандабас унаалар менен жеткирүү камсыздалат.
ИИМ конокторду сапарын алдын ала пландап, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга жана аба ырайын эске алууга чакырды.