ИИМ: Баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө сатып жүргөн жолго бөгөт коюлду
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизатты ташуу жана сатуу каналын аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады, деп билдирет ИИМдин басма сз кызматы.
2021-жылдын 9-июнь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, ИИМдин БМЖКККнын жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган И.Ж. кармашкан. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү “гашиш” баңгизаты табылган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.