ИИМ кызматкерлери адам уурдоого шектелгендердин бирин кармады
ИИМдин кызматкерлери адам уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жакында болжол менен базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз адам азиат улутундагы адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кетишкен видео социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде тараган.
Ушуга байланыштуу, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барышкан. Белгиленген маалыматтар боюнча укук бузуу борбор калаанын базарларынын биринде болгон.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция издөө учурунда жогорудагы кылмышты жасашкан шектүүлөрдүн бири — Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран С.А. кармалды.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары ишке ашырылууда.
