ИИМ: Кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 51

ИИМдин системасында коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин жетекчилиги коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт тургандыгы айтып, мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартыларын баса белгилөөдө.

“Сиз милициянын мыйзамсыз иш-аракеттерине дуушар болдуңузбу? Сизге арызыңызды кабыл алуудан баш тарттыбы? Акча каражатын талап кылуудабы? Коркутуудабы? Шантаж кылуудабы?
Тез арада ИИМдин Ички иликтөө кызматына билдириңиз: 0704 99-99-18», — делет маалыматта.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X