ИИМ: Улан Ниязбеков Түркиялык кесиптеши Сулейман Сойлу менен жолугушту

Бүгүн, 19-апрелде Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков эки күндүк иш сапары менен барып, Түркиялык кесиптеши Сулайман Сойлу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков былтыркы Стамбул шаарында болгон алгачкы жолугушуусунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, эки элдин ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу мамилесин кайрадан жаңы нукка түшкөн маанилүү учур катары эсептээрин белгиледи. Өзгөчө, өткөн жылдын аягында, Кыргыз Республикасынын парламенттик шайлоо алдында, кыргыз милициясына атайын автоунаа жана башка материалдык-техникалык жардам бергендиги, андан тышкары милиция кызматкерлерин түрк полициясынын алдынкы жетишкендиктери боюнча окутуп-үйрөтүүлөрдү өткөрүү сунушун колдоп, тез арада ишке ашырып бергени үчүн кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуунун өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк полициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жетишкендиктери, санариптештирүү иштери, анын алкагында электрондук башкаруу тармактары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө ДНК лабороторияларын ачуу жана иш алып баруу, биометрикалык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу иштери менен таанышты. Бул ыкмаларды жана технологияларды кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө киргизүү, аларды натыйжалуу колдонуу иштерин жакындан көрүп, таанышуу максатында боордош түрк кесиптештер менен өз ара кызматташууну бекемдөө керектигин айтты. Андан тышкары Түркиянын жардамы менен баңги жана уюшкан кылмыштуулукка, аткезчиликтин (контрабанда) бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн түрк полициясынын ТАДОК (TADOC) окуу борборуна окшогон борборду Кыргызстанда ачуу пландары талкууланды.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X