ИИМ: Жайыл районунда 16 жаштагы өспүрүм табылды
Жайыл районунда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы өспүрүм табылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте салсак, 9-мартта өспүрүмдүн үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирип, арыз менен анын эжеси кайрылган.
Жайыл райондук РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 2006-жылы туулган Т.Ж. аттуу өспүрүм аман-эсен табылып, профилактикалык иштерден кийин туугандарына өткөрүп берилди.