Илимбек Кубанычбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: Бейтаптын да, дарыгердин да укугу корголушу керек
Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков медицина кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик жактан корголушун камсыз кылуу боюнча маселе көтөрдү.
Дарыгерлер адам өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, оор шарттарда эмгектенген кесип ээлери экенин айткан эл өкүлү алардын эмгеги, билими жана көп жылдык тажрыйбасы миңдеген жарандар үчүн маанилүү бойдон каларын билдирди.
Ошондой эле балдар нефрологу Насира Бейшебаевага байланышкан акыркы окуялар медицина коомчулугунда олуттуу тынчсыздануу жаратканын белгилеп, мындай иштер объективдүү медициналык экспертизанын жана мыйзамдардын негизинде адилеттүү каралышы керектигин кошумчалады.
Депутат Илимбек Кубанычбеков мындан улам медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун натыйжалуу механизмин түзүүнү сунуштап, бул нерсе күтүүсүз кырдаалдарда бейтаптын укугун коргоого жана дарыгерди негизсиз материалдык, укуктук басымдан сактоого өбөлгө түзөрүн билдирди.
«Камсыздандыруу дарыгерди жоопкерчиликтен бошотпойт. Күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок медициналык тобокелдик менен дарыгердин күнөөсүн бирдей кароого болбойт. Бейтаптын укугу да, дарыгердин укугу да корголушу керек. Дарыгер өз ишин коркуу менен эмес, адам өмүрүн сактайм деген ишеним жана мамлекеттин мыйзамдуу колдоосу менен аткарууга тийиш», — деди эл өкүлү.