Илимий мекемелерге 70 даана айыл чарба техникасы тапшырылды
Бүгүн, 24-ноябрда, айыл чарба багытындагы эки илимий мекемеге жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө жалпы 70 даана айыл чарба техникасы тапшырылды. Техникалардын жалпы наркы 178 млн 801 миң сомду түзөт.
Техникалардын ачкычтарын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тапшырды.
Бөлүштүрүүгө ылайык, 21 даана техника Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине, ал эми 49 даанасы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна берилди.
Министр илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо ата мекендик агрардык илимди өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, айыл чарба техникалары Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатып алынган. Долбоордун негизги максаты – үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр менен камсыз кылуу.
Жаңы техникалардын катарында тракторлор, дан жыйноочу жана селекциялык комбайндар, үрөн сепкичтер, үрөн тазалоочу жабдуулар, картошка отургузуучу жана казуучу техникалар, ошондой эле башка атайын айыл чарба жабдуулары бар.