Илияз Ташбаев, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким: Элдин талаптары аткарыла баштады

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 133

Илияз Ташбаевдин жетекчилик ишмердиги мамлекеттик кызматтардан башат алган. Айрыкча Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары мезгилин баса белгилеп кетпесек болбос. Түштүктүн түмөн байлыгы менен бирге көйгөйлөрү да арбын экени талашсыз. Айтууга татаал талаш-тартыштардын саатын жетекчилер менен биргеликте чыгарышты. Айрыкча алыскы райондордун айыл кыштактарын Кыдырдай кыдырып чыккан кездери эстен кетпес. Элдин үнүн угуу бир тең болсо, иш жүзүндө аткаруу да бир тең. Орун басар кезинде оңдолгон жолдор, жаңы салынган мектеп жана бала бакчаларды айта берсек, кулач жайган курулуштар арбын болуптур. Албетте, жетекчилик салымын аябады. Жетекчилик бедели бийиктеди.

Облустун экономикалык жана социалдык тармактарын көтөрүү боюнча жүргүзгөн иштеринин кайсы бирин эске салалык. Эл менен болгон жолугушуулар, алардын суроо- талаптары күнү бүгүнкүдөй кулагында жаңырып турат. Эсте калар көп иштерди илгерилетишиптир.

Мына эми Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районуна аким болуп келди. Жетекчиликтин эки чылбыр, бир тизгини колуна тийди. Мына ушул жерден айта кетүүчү акыйкаттык, районго келери менен эле райондун бардык айылдарын аралап чыкты. «Райондун абалы мен ойлогондой эмес, кемчиликтери жетишерлик экен» дебеспи…

— Илияз Азизбекович, 28 айылды кыдырыптырсыз. Оболу сиздин тынчыңызды алган кемчиликтерден сөздү баштайлы, кулак сизде…  

— Алыс барбай эле райондун борборунан баштасак, маданият тармагынын таш талканы чыгып калган экен. Борборубуздан орун алган маданият үйүн көрүп көңүлүм чөктү. Сейил кургандардын эмес эле, бекерпоздордун үңкүйгөн үңкүрүнө айланып калыптыр. Ыр-күү жаңырбай эле ый жаңырат. Таланттар таңшыган сахна эмес эле, таштандылардын сахнасына айланып калыптыр. Сиз туура көрсөңүз маектен кийин бирге барып көрөлү. Мына ушул маданият үйүнүн эмне себептен капардан чыкканына кызыксам, Маданият министрлигинин эсебинде менчигинде экен. Учурда мына ушул талкаланган маданият үйүнүн башын мыйзам чегинде ачып, кулпунтуп курулушун баштасак деген ак тилек менен жүргөн кезим. Үмүт актала баштады.

Район боюнча 28 айыл бар экен. Баарында болдум, тилекке каршы айыл ажарын ача турган маданият жайлары жокко эсе. Маданият унутулган. “Эмне үчүн жаштар бакытты туулган жеринен эмес, алыскы өлкөлөрдөн издеп жатышат?” деген суроого жооп төмөндөгүдөй: Жаштардын туулган жерге болгон сүйүүсүн ойготуу үчүн оболу маданият тармагын гүлдөтүшүбүз керек. Ошондо жаштар ыраазы болушат, айылдарынан алысташпайт. Буйруса бурулуштар болот. Жасалмалуулукту жашыман жек көрөм.

Бул бир чоң көйгөй болсо, мындан ашса ашып, кем калбаган зор көйгөй-таштанды талаасындагы шалаакылык. Кызыгы коңшу жайгашкан райондордун эли таштандыларын мына ушул биздин таштанды төгүүчү талаага ташташат экен. Кароосуз калгандыктан күндүр-түндүр түтүн түтөп, экологиялык жактан абаны сасытып, жабыркатып жатыптыр. Санитардык тазалыгы эстен чыккан. Ток этери мына ушул таштанды талаасына чоочундардын таштандысын төктүрбөй, күзөтүн күчөтүп, оң жагына чече баштадык. Түтөтпөй таптай турган атайын заманбап оор техникаларды алганы жатабыз. Келишим түзүлдү. Темирдей тартип таасирин тийгизди. Таштанды көйгөйүн жумшартуу мындан ары да улана берет. Элге түшүндүрүү иштери илгерилөөдө. Тазалык көйгөйү Нарзан айыл аймагында чечилүүдө. 5 даана атайын техникалар алынды. Борбордук негизги тротуарлар жасалууда.

“Биринчи байлык – ден соолук” демекчи райондук оорукананын шарт-жагдайына жүрөк сыздайт, көз жаш төгүлөт. Мында дарыланып жаткандар сакайбай эле санааркап, оору үстүнө оору кошуп алгандай. Айт, айтпа армандан арылуу керек. Биринчи корпустун курулушун баштоо титулдук тизмеге кирди. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлжан Сатиева айымыбыздын жардамы менен тилегибиз орундала баштады. Рахмат айтабыз. Элдик кыздын эрдиги, чечкиндүүлүгүнө баракелде.

— Ата мекендик өндүрүш өрдөп жатыптыр. Жаңылыктарга токтоло кетсеңиз?
— Жалпы эле райондун экономикалык көрсөткүчтөрү көңүл жылытат. Биздин райондо автомашина куруу заводу бир тууган өзбек туугандардын колдоосу менен тушоосун кести. Авто тетиктер башка жактан келет. Ал эми биздин заводдо толук кандуу чогултулуп, жан кирет, жасалат. Кореялык кесипкөйлөрдүн жардамы күч. Заманбап кыргыз автомашиналарынын да курула баштаганы албетте, айтарлык жетишкендик. Ишкерлерди колдоого бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшай баштадык. Ак-Суу асыл тукум ЖЧК тоок фермасы иштей баштады. Ошондой эле балык чарбаларына жем даярдоо заводу курулууда. Балык жемин алыскы өлкөлөрдөн алчу элек, мындан ары өзүбүз камсыздай баштайбыз. Балык чарбасы менен шугулдангандардын чыгымы азайып, кирешеси көбөйөт. Балык өстүрүүчү чарбаларыбыздын келечеги кең.

200 гектар жердин башы ачылып, өндүрүш аймагына айланууда. Инвесторлор тартылууда. Айталык, гипсокартон жана шам чырактарды чыгаруучу заводдор курулат. Жаңы жумуш орундары пайда болмокчу.
— Быйыл деги эле Чүй боорунда түшүм мол болду. Суусуз түшүм болбойт эмеспи. Сиздин пикириңиз кандай?
— Албетте, айтканыңызда чындык бар. Тилекке каршы бир жыл менен бир жыл окшош болбойт. Жамгыр аз жааган кезде кургакчылык болуп, сугат сууга болгон муктаждык тереңдейт. Мына ушундай сыноолорго туруштук беришибиз үчүн суу сактагычтарды курушубуз керек. Буйруса Ак-Суу айыл аймагына жаңы суу сактагычты курмакчыбыз. Кийинки жылдары сааты чыгып калат.

— Быйыл Президенттин турукташтыруу фондусунан Чүй облусуна 10,0 миллиард сом бөлүнгөн. Каралган каржы мектеп жана бала бакчаларды курууга жумшалмак. Сиздерге канчасы буйруду?
— Районубузда 400 орундуу 4 мектеп курула баштады. Заманбап мындай мектеп балдардын билимин, тарбиясын өркүндөтөт. Андан тышкары 1 бала бакча салынат. Мына кечээ эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев баш, тийиштүү министрликтердин жетекчилери төш болуп келишип, кыдырып курулуштарды көрүшүп, күчүбүзгө күч кошуп кетишти.

Сөз кезеги келгенде айта кетпесем болбос, спорттук иштерге айрыкча басым жасап жатабыз. 71 гектарды ээлеген ипподромубузда такай улуттук оюндар болуп турат. Быйыл Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлап аламан байгелерди уюштурдук.

“Дастан” үй-бүлөлүк фондунун колдоосу менен айылдарга кичи футбол талааларын кура баштадык. Учурда 5 аянт курулду, дагы 4 аянт курулмакчы.
— Алыскы айылдарды кыдыруу сиздин дээриңизден келаткан салтыңыз экен. Төрткүлдүктөр күтүп калбасын. Жолуңуз шыдыр, жолдошуңуз Кыдыр болсун! Максаттарыңыздар аткарыла берсин!

Айчүрөк Макешова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X