Имаратка шылтабай, изги тилектерге умтулган сахна жылдыздары

24-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51

Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры эски имаратта жайгашкан. Имарат союз учурунда абдан кооз курулган, бирок канча жылдан бери каралбай, эскилиги жетип, театр деген атына эч коошпойт. Анын ичи-сырты оңдоп-түзөтүүнү абдан талап кылат. Имарат Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборуна карайт, андыктан театр кызматкерлери анда “квартирант” сыяктуу. Кабинеттерин, сахнасын колдонот. Театрдын алдында чоң автобус токтоп турат. Аны артисттер гастролго чыгуу үчүн мамлекет берген. Бирок автобустун чыгымы көп болгондуктан жүрбөй турат дешти. Жаштар театрынын жаш директору Таалайбек Тургуновго кезигип, театр жөнүндө азыноолак сөз кылдык.
“Кыргыз улуттук драма театры толук ремонттон өттү, учурда Ч.Айтматов атындагы орус драма театры оңдолууда. Эмки кезек бизде. КР Улуттук маданий борборунун директору Жумакадыр Курмангалиев оңдоп-түзөтүүгө кеткен чыгымдын сметасын түзүп бергенин айтты, акча бөлүнсө эле ремонт башталат. Биз ага күтпөй эле өзүбүздүн чыгармачылык кызматташтыгыбызды казак боордоштор менен баштай берели деп сүйлөштүк. Алар бизге каржылык жардам берсе, талапка жооп бербеген сахнабыздын жасалгасын, жарыктандырууну, музыкалык үн коштоону, студияны жасоону баштаганы турабыз. Ошондон кийин алар июнь айында келип, спектаклдерин коюп башташат”, — дейт Таалайбек Тургунов.

24-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X