Индира Шаршенова Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды

24-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Индира Шаршенова Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин ал Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук өкмөттүн инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Маалыматка ылайык, Шаршенова көп жылдан бери Кыргызстандагы санариптик реформаларды ишке киргизүүгө катышып, электрондук өкмөттү түзүү боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбаларын үйрөнгөн. Ал маалыматтык технология жаатында адис жана «прикладдык математика» адистиги боюнча диплом алган.
Ошондой эле, анын E-Kyzmat маалыматтык системасын түзүп ишке киргизүүдө эмгеги чоң экендиги айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-мартта Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары жумуштан бошотулган.
24-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X