Ишемби иш күн. Кыргызстандыктар 26-мартта иштешет
Ушул жуманын ишемби күнү, 26-март иш күн. Бул күн жылдын башында тагыраагы, 6-январь эс алуу күнүнө жылдырылган.
Эске салсак, буга чейин Министрлер Кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынган.
Ага ылайык, жумасына беш күндук график боюнча иштеген республика жарандары үчүн төмөнкү иш күндөрү жылдырылат: 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө, 26-февралдагы дем алыш күнү — 5-январдагы жумуш күнүнө, 26-марттагы дем алыш күнү 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылган.