"Эркин-Тоо"

Ишканалардын иши ийгиликтүү болсо, казына толот

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган Бишкек шаарындагы бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жеке ишкерлерди уккан Бакыт Төрөбаев: “Өлкөбүздө ишканалар көп болсо, алардан социалдык чегерүүлөр, киреше салыгы түшөт. Анын арты менен мамлекеттик казына толот жана жумуш орундары түзүлөт. Ошол себептүү, өнүктүрүү фонддору, мамлекеттик банктар жана башка багыттар менен ишкерлерди колдоо жүргүзүлүүдө” деди.

Металл трубаларын чыгарган “Металл Торг Сервис” заводунда 150дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгон. Мында чыгарылган продукция республиканын бардык аймактарына жеткирилет жана Өзбекстан Республикасына экспорттолот. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 7 млн 255 миң доллар керектелет, бул үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 9 млн 431 миң доллар бөлгөн.

Бакыт Төрөбаев 50гө жакын адам иштеген тыбытты кайра иштетүүчү цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып, жылына 1000 тоннага чейин тыбыт жууп, суткасына 300 кг жүндөн жасалган продукция чыгараары тууралуу маалымат алды. Цехти ишке киргизүү үчүн 450 миң доллар зарыл болсо, анын 350 миң долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаган.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!