"Эркин-Тоо"

Ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин Төрагасы Бакыт Төрөбаев Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жеке ишкерлерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеген Бакыт Төрөбаев: “Биздин экономикалык саясатыбыздын багыты ишкерлик үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ал эми өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын милдети – өзгөчө өлкөнүн аймактарында иш алып баргандарды жеткиликтүү финансылык ресурстар менен улуттук валютада камсыз кылуу” деди.

Отурумда “Кыргызнефтегаз” ААКсын модернизациялоо долбоору, МайлууСуу шаарына кичи ГЭС куруу долбоору жана Бишкек шаарына дене тарбия жана ден соолукту бекемдөө спорттук комплексин куруу долбоору каралды. Майлуу-Суу шаарына кичи ГЭС куруу үчүн 35,670 млн доллар керектелет. Долбоор ишке ашса, кубаттуулугу 26,4 МВт болгон кичи ГЭС иштей баштайт.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!