2025-жылы Кыргызстандын бюджети тарыхта биринчи жолу триллион сомдон ашты. Бул өсүш боюнча экономист Искендер Шаршеевди кепке тарттык.
— Искендер Шеримбекович, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы консолидацияланган бюджет 1,1 триллион сомдон ашканын билдирди. Бул чыныгы экономикалык өсүштүн белгисиби?
— Расмий айтылган сандар бюджеттик түшүүлөрдүн пландан кыйла жогору аткарылганын көрсөтөт. Бекитилген 708,8 млрд сомго салыштырмалуу кошумча 381,7 млрд сомдук өсүш — фискалдык жактан олуттуу көрсөткүч. Бул киреше администрлөөнүн жакшырганынан, көмүскө экономиканын ачыкка чыгышынан, салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн кеңейишинен улам болушу мүмкүн. Ошол эле учурда экономиканын чыныгы абалы ИДП, инфляция, инвестиция жана өндүрүш сыяктуу көрсөткүчтөрдүн жыйындысы менен бааланат. 2025-жылдын алгачкы 10 айында ИДПнын 10%га өсүшү жөнүндө маалымат бюджеттин динамикасы менен катар айтылууда.
— Консолидацияланган бюджеттин 1 триллион сомдон ашышы тарыхый окуя деп айтууга болобу?
— Номиналдык мааниде – ооба, бул өлкө үчүн биринчи жолу жеткен символдук чек. Бирок экономикалык мазмуну каражаттын көлөмүндө эмес, анын канчалык натыйжалуу жана туруктуу пайдаланылышында. Триллиондук бюджет – мүмкүнчүлүк, ал эми анын узак мөөнөттүү таасири чыгашанын сапатына жана киреше базасынын бекемдигине жараша болот.
— Бул өсүш кайсы булактардын эсебинен камсыздалууда?
— Консолидацияланган бюджетке республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, салыктык кирешелер, Улуттук банктын кирешелери, мамлекеттик ишканалардын дивиденддери, ошондой эле Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары кирет. Өсүшкө салык жана бажы реформалары, фискалдык тартиптин күчөшү, санариптештирүү, ККМ сыяктуу инструменттер аркылуу көмүскө каражаттардын ачыкка чыгышы, салыктык эмес кирешелердин дээрлик үч эсеге көбөйүшү негизги фактор болду.
Чынайым Кутманалиева

