Ислам Эрмаматов, Кара-Суу шаарынын мэри: Шаарды өнүктүрүү – биздин туруктуу максатыбыз
Кара-Суу шаары — Ош облусундагы соода-сатыгы кызуу, чек арага жакын жайгашкан, калкы 58 миңден ашкан ири шаарлардын бири. Шаардын экономикалык турмушунда соода менен катар айыл чарба, мал чарбачылыгы жана кызмат көрсөтүү тармактары да маанилүү орунду ээлейт. Бүгүн Кара-Сууда шаардын инфраструктурасын жаңылоо, таза суу жана канализация маселесин чечүү, жолдорду оңдоо, аймакты көрктөндүрүү, таштандыны чыгаруу системасын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү сыяктуу бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын алты айында шаардын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 492 млн 111 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 323 млн 375 миң сомго аткарылып, план 125 пайызга жеткен. Бирок, шаарды өнүктүрүүдө сандар менен көрсөткүчтөрдөн тышкары, карапайым элдин күнүмдүк жашоосуна түз таасир эткен маселелер да бар. Шаар элинин негизги талаптары болгон жол, суу, канализация, таштанды, жер маселеси, жумуш орундары жана башка маселелердин айланасында Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов менен маектештик.
– Ислам Жолдошбаевич, Кара-Суу шаарынын тургуну бүгүн мэриянын жасап жаткан ишинин кайсы жыйынтыгын биринчи кезекте сезиши керек?
– Биз үчүн эң негизги көрсөткүч – кагаздагы отчет эмес, элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүү. Башкача айтканда, шаар тургуну үйүнөн чыкканда жолдун оңдолгонун, көчөлөрдүн жарыктандырылганын, айлананын таза экенин, таза суу үзгүлтүксүз келип жатканын, баласы окуган мектептин шарттары жакшырып жатканын көрүшү керек.
Кара-Суу шаары – калкы көп, соода-сатыгы өнүккөн, чек арага жакын шаар. Ошондуктан анын инфраструктурасына болгон талап да жогору. Биздин негизги максат – шаарды жашоого ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шаарга айлантуу. Ал үчүн жол, суу, канализация, жылуулук, санитардык тазалык, жашылдандыруу, билим берүү жана социалдык маселелерди комплекстүү кароого туура келет.
– Жергиликтүү бюджеттин кирешеси алты айда 323 млн сомдон ашып, план 125 пайызга аткарылыптыр. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок бюджеттин көбөйүшү карапайым элге кандай пайда алып келет?
– Бюджеттин кирешесинин өсүшү биз үчүн жөн гана статистика эмес. Киреше көбөйгөн сайын шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк кеңейет. Ал каражат биринчи кезекте элге керектүү инфраструктурага, коммуналдык кызматтарга, социалдык объектилерге жана шаарды көрктөндүрүүгө багытталат.
Алты айдын жыйынтыгында бюджеттин планы 258 млн 665 миң сом болсо, иш жүзүндө 323 млн 375 миң сом болуп, план 64 млн 709 миң сомго ашыкча аткарылды. Муну менен катар бюджеттин каражатын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу да маанилүү.
– Кара-Суу шаарынын экономикасында соода чоң орунду ээлейт. Андан сырткары өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
– Туура айтасыз. Кара-Суу шаарынын соодадагы мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок биз соода менен гана чектелбешибиз керек. Шаарда өндүрүштү көбөйтүү, жаңы ишканаларды ачуу, кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүү зарыл. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 492 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,55 пайыздык өсүш. Ошондой эле быйыл үч жаңы объект ишке киргизилди. Анын бири өндүрүш, экөө кызмат көрсөтүү багытында. Аларга 4 млн 550 миң сом инвестиция тартылып, 10 жаңы жумуш орду түзүлдү. Мындан тышкары, шаарда жашылдандыруу боюнча жаңы муниципалдык ишкана түзүлүп, анда 9 адам иш менен камсыз болду. Албетте, бул жетиштүү деп айтууга болбойт. Жаңы иш орундарын түзүү – алдыда турган негизги милдеттердин бири.
– Жаштар үчүн жумуш маселеси өзгөчө маанилүү. Кара-Сууда жаштарды шаарда кармап калуу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
– Жаштарды шаарда кармап калуунун эң негизги жолу – аларга иш жана мүмкүнчүлүк берүү. Биз жаңы ишканалардын ачылышына, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Жаштар бир гана мамлекеттик мекемеге жумуш издеп калбашы керек. Өз ишин баштоого мүмкүнчүлүк болушу зарыл. Мисалы, социалдык контракттын алкагында быйыл 40 жаран 150 миң сомдон алып, кой чарбачылыгы, такси кызматы, мал чарбачылыгы, соода жана тигүү багыттарында иш башташты.
– Кара-Суу шаарынын тургундары үчүн эң көрүнүктүү маселелердин бири – жол эмеспи. Бул багыт боюнча айтып өтсөңүз?
– Жол маселеси шаар үчүн абдан маанилүү. Быйыл асфальт төшөө боюнча 18 объект каралып, жалпы узундугу 10 чакырымдан ашкан жолдорду оңдоо пландалды. Бул иштерге 84 млн сомдон ашык каражат каралып, өткөрүлгөн конкурстардын натыйжасында 5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлдү. Мындан тышкары, шагыл жолдор да оңдолуп, арык-каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, Ош-Кара-Суу жолунун 19 чакырымдан ашууну төрт тилкелүү болуп кеңейтилип, республикалык бюджеттен каржыланып, курулууда.
– Таза суу маселесине токтолсок. Кара-Сууда бул багытта чоң иштер жүрүп жатыптыр. Шаардыктар качан суу маселеси толук чечилет деп күтсө болот?
– Кара-Сууда таза суу маселеси бир күндө чечиле турган маселе эмес. Шаарда 15 муниципалдык суу кудугу иштеп жатат. Айрым жерлердеги эски түтүктөр жаңыланууда. Мындан тышкары, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен шаардагы суу түтүктөрүн реконструкциялоо жана канализация системасын жаңылоо боюнча чоң долбоор жүрүп, эски суу түтүктөрүн жаңы түтүктөргө өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоор толук ишке ашканда шаардын суу менен камсыздоо системасы кыйла жакшырат.
– Канализация боюнча иштер 2025-жылы башталыптыр, долбоордун аякташы шаар тургундары үчүн эмнеси менен маанилүү?
– Канализация – шаардын санитардык абалы жана экологиясы үчүн өтө маанилүү. Канализация системасы болбосо, шаарды заманбап шаар катары өнүктүрүү кыйын. Негизи канализациянын курулуш иштери 2017-жылы эле башталган экен. Бирок, каржы маселесине байланыштуу бул иштер ортодо токтоп калып, 2025-жылдын апрель айынан бери кайрадан улантылууда. Бүгүнкү күндө долбоорду аяктап, системаны пайдаланууга берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул – Кара-Суу шаары үчүн стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоор. Анын жыйынтыгын эл жакынкы убактарда күнүмдүк жашоосунда сезип калат деп турабыз.
– Шаардагы таштанды маселеси да дайыма коомчулуктун көңүл борборунда. Алты айда 8 миң тоннадан ашык катуу таштанды чыгарылган экен. Бул ишти системалуу жүргүзүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
– Шаардын тазалыгы бир гана коммуналдык кызматтын иши эмес. Бул шаардагы ар бир жарандын жоопкерчилиги. Бүгүнкү күндө тазалык боюнча муниципалдык ишкана иштеп жатат. Алты айда 8 миң 247 тоннадан ашык катуу тиричилик калдыгы жана 1,5 миң куб метрден ашык суюк калдыктар чыгарылды.
Шаарда 14 миң абонент бар. Төлөмдөрдү электрондук тартипте жүргүзүүгө шарт түзүлүп, мобилдик тиркеме жана электрондук капчык аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди. Биздин максат – таштандыны убагында чыгаруу менен гана чектелбестен, шаарда тазалык маданиятын калыптандыруу.
– Жашылдандыруу боюнча да быйыл өзүнчө муниципалдык ишкана түзүлүптүр. Кыска убакытта кандай иштер аткарылды?
– Муниципалдык жашылдандыруу ишканасы 2026-жылдын февраль айында түзүлгөн. Бул багытты өзүнчө системага келтирүү зарыл болчу. Алты айда 3 миң 200дөй дарак бутап, актап-тазаланды. Жоомарт Бөкөнбаев атындагы эс алуу жайында жана Ош–Кара-Суу жолунун боюнда да тазалоо иштери жүрүп турат.
Рахимов жана Кушбаков көчөлөрүнө 200 павлония көчөтү отургузулуп, шаар боюнча 21 миң 490 гүлдүн көчөтү тигилсе, паркка 1 миң мөмөлүү дарак отургузулду. Шаардык мэрия бул иштерди бир жолку акция эмес, туруктуу шаардык саясатка айлантуу керек.
– Кара-Суу ысык климаттуу аймак. Көчөлөрдү жашылдандырууда кандай дарактарга артыкчылык бересиздер?
– Бизге жергиликтүү шартка ылайыкташкан, ысыкка жана кургакчылыкка чыдамдуу дарактар керек. Жөн гана көчөт отургузуп коюу жетишсиз. Аны сугаруу, багуу, өстүрүү зарыл. Ошондуктан мындан ары «канча дарак отургуздук?» деген көрсөткүчтөн сырткары, «канчасы өсүп жатат?» деген көрсөткүчкө да көңүл буруу керек.
Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн короолору шаардык чөйрөнүн маанилүү бөлүгү болгондуктан, ал жактагы жол, тротуар, жарык, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай, арыктар – мунун баары жашоочулар үчүн күн сайын керек. Жусуп Амматов көчөсүндөгү жана Юбилейный көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, ал жактарда жөн гана асфальт төшөө эмес, комплекстүү оңдоо иштери каралган.
– Мэрияга жарандардан 792 кайрылуу түшүптүр. Алардын 500дөн ашыгы материалдык жардам жана саламаттыкты сактоо маселесине байланыштуу экен. Бул көрсөткүч сизге эмнени айтып турат?
– Бул – шаардагы социалдык көйгөйлөр дагы эле олуттуу экенин көрсөтөт. 792 кайрылуунун 509у материалдык жардам жана саламаттыкты сактоо маселесине байланыштуу. Бул жалпы кайрылуулардын 64 пайыздан ашыгын түзөт. Демек, шаарды өнүктүрүүдө инфраструктура менен катар социалдык маселелерди да унутпашыбыз керек.
Материалдык жардам көрсөтүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Быйыл май айына чейин 407 жаранга жалпы 2 млн 683 миң сом жардам берилген. Мэриянын резервдик фондунан январь–июнь айларында 82 жаранга 2 млн 688 миң сом бөлүнгөн. Бирок, жардам берүүнүн өзү көйгөйдү түп-тамырынан чечпейт. Адамга туруктуу киреше алып келе турган шарт түзүү маанилүү.
– Жер маселеси Кара-Сууда эң талаштуу темалардын бири. Мыйзамсыз курулуштар боюнча 182 учур аныкталып, 172си бузулуптур. Бул ишти эл менен түшүндүрүү жагынан кандай жүргүзүп жатасыздар?
– Жер маселеси өтө жоопкерчиликтүү жана татаал маселе. Бир жагынан мыйзам талаптарын сактоо керек, экинчи жагынан жарандардын маселесин угуу зарыл. Президенттин Жарлыгына ылайык мыйзамсыз курулуштар боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Аныкталган 182 объекттин 172си бузулду, калган 10 объект боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Биздин позиция – мыйзамсыз курулушка жол бербей, ошол эле учурда мыйзам чегинде чечүүгө боло турган маселелердин жолун издөө.
– Шаардын аймагындагы 100 гектар жерди өнөр жай жана көп кабаттуу турак жай курууга трансформациялоо маселеси да каралууда экен. Бул Кара-Суунун келечектеги өнүгүүсү үчүн эмнени билдирет?
– Бул шаарды кеңейтүү жана келечектеги муктаждыкты эске алуу үчүн маанилүү кадам. Калктын саны өсүп жатат. Ошондуктан жаңы турак жайлар, өндүрүш объектилери, социалдык инфраструктура үчүн жер керек.
Өзбекстан тараптан каралып жаткан 100 гектар жерди өнөр жай жана көп кабаттуу турак жай курууга трансформациялоо маселеси иштелип жатат. Бул иш мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
– Кара-Суу айыл чарбасы да өнүккөн аймак. Сандан сапатка өтүү маселеси сиздерде кандай болууда?
– Бизде жер да, мал да бар. Бирок мындан ары анын санын көбөйтүү менен гана чектелбешибиз керек. Мисалы, малдын башын көбөйттүк дейли. Эгер жайыт жетишсиз болсо, жем-чөп базасы начар болсо, малдын сапаты төмөн болсо, анын экономикалык натыйжасы да чоң болбойт. Ошондуктан мал чарбасында да, дыйканчылыкта да өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, сапаттуу продукция өндүрүү маанилүү. Кара-Сууда 1 миңден ашуун фермердик чарба жана үч айыл чарба кооперативи бар. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө ушул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу зарыл.
– Кара-Суунун чек арага жакын жайгашканы экономикалык мүмкүнчүлүк катары кандай пайдаланылышы керек?
– Бул – шаардын чоң артыкчылыктарынын бири. Чек арага жакындык соода-сатыкты, логистиканы, кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бирок келечекте биз товарды сырттан алып келип саткан шаар гана болбошубуз керек. Өзүбүздө өндүрүп, кайра иштетип, башка аймактарга жана зарыл болсо тышкы рынокко чыгарган ишканалар көбөйүшү керек. Ошондо Кара-Суунун экономикасы туруктуу болот.
– Жыл аягына чейин Кара-Суу шаарынын тургуну кайсы өзгөрүүлөрдү сөзсүз сезиши керек деп ойлойсуз?
– Биринчиден, шаардагы инфраструктуранын сапаты жакшырышы керек. Анын ичинде жол, суу, канализация, жарыктандыруу. Экинчиден, тазалык жана жашылдандыруу боюнча туруктуу система калыптанышы зарыл. Үчүнчүдөн, шаарда экономикалык активдүүлүк күчөп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлүшү керек.
Шаардын ар бир тургуну шаарды инфраструктурасы жаңыланган, таза, жашыл, соода менен бирге өндүрүшү да өнүккөн шаар катары көрсө дейм. Шаарда жашаган адамга «бул жерде жашоого шарт бар» деген ишеним болушу керек. Жаштар жумуш издеп башка жакка кетпей, өз шаарында иштеп, бизнесин өнүктүрө алгандай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл.
Кенже Осмоналиева