Италияда эң зөөкүр мафиозилердин бири эркиндикке чыкты
Италияда түрмөдө 25 жыл отурган Чочко деген каймана аты бар эң зөөкүр мафиозилердин бири Джованни Бруска эркиндикке чыкты. Ал мафияга каршы күрөшү менен белгилүү болгон судья Джованни Фальконени, анын аялын жана дагы үч полицейди өлтүргөн. Дж.Бруска 100дөн ашык адамды өлтүргөндүгүн жана ондогон кишилердин көзүн тазалоого буйрутма бергендигин мойнуна алган деп жазды L`Espresso басылмасы.
Джованни Бруска 1996-жылы полициянын масштабдуу операциясынын натыйжасында камакка алынды.