Изденүүдөн ийгилик жараткан “Манас” университети

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Билим 37

Кыргыз-Түрк “Манас” университетижогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердигин жүргүзүү үчүн15 докторантуралык программа боюнча лицензия алууга  берген арызына ылайык, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия лицензиялык экспертизадан өткөрүү ишин жыйынтыктады.

Эксперттик комиссиянын төрагасы, Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору, филология илимдеринин доктору, професор Садык Тиллебаев  баштаган комиссия курамына өлкөбүздөгү бир катар ири ЖОЖдордун өкүлдөрү кирген.

Эксперттик комиссия лицензиялык экспертизаны үч күн аралыгында жүргүзүп, үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда комиссиянын ишинин корутундусу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө  комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчиликтүү аткарышканы ачык сезилди.Комиссиянын төрагасы Садык Тиллебаев өз сөзүндө: ”өзүбүздүн топтогу сүйлөшүүлөрдө көп нерселерди карап чыгып, “Манас” университетине дагы эмнелерди сунуш кылсак болот деген маселелерди талкууладык. Чындыгында “Манас” университети 1995-жылы эки мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн эң алгачкы жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Чейрек кылымдык ишмердигиңиздерде кыргыз билим берүүсүнө интеграция болуп, бул багытта өз ордуңуздарды тапканыңыздарды белгилөөгө болот.Мен өзүм эки багыт боюнча филология жана педагогикага тийиштүү документтерди карап чыктым. Чындыкты айтуу керек, баары жакшы. Болгону каалоо-тилек катарында айтчу жагдайлар бар. Филология, педагогика багытындагы эмгектер илимий басылмаларга сунушталса деп ойлойм. Комиссиянын бардык мүчөлөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштууларынын макалалары эл аралык деңгээлдеги макалалар жарыялануучу журналдарга жарыяланбай жаткандыгы тууралуу маселени айтышты. Бул албетте, сиздердин илимий дараметиңиздер Кыргыз Республикасындагы окумуштуулардын арасында көрүнүп турушуна өбөлгө болмокчу”-деген оюн билдирди.

Ошондой эле Түркиянын дипломуна ээ болгон гана адистердин эмгектенишери айтылып,булар да биздин УАКтан өтүүлөрү зарыл деген талаптар коюлду. Тарых, биология, агрономия ж.б. багыттагы илимий жетишкендиктерди, кемчиликтерди белгилешти. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасындагы башка ЖОЖдордун мыкты адистери менен кызматташуу сунушталды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев эксперттик комиссиянын жалпы курамына терең ыраазычылык билдирип, айтылган кемчиликтер, жетишкендиктер, сын-пикирлер абдан маанилүү жана өнүгүүгө өбөлгө болорун айтты.

Соңунда15 докторантуралык программа бардык талапка жооп берет деген жыйынтыкка келишип, бир добуштан колдоого алынды. Бул боюнча КТМУнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айзат Таласбаева билдирди.

                                                        Айзада Дүйшөнбаева

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Билим 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X