ИЖН алмаштыруу тартиби Жогорку Кеңеште талкууланды

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 95

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Нурсултан Кубановдон идентификациялык жеке номерди (ИЖН) кайсы учурда алмаштырууга болорун сурады.

Министрдин орун басарынын айтымында, мыйзамга ылайык ИЖН-код техникалык ката кеткен учурда гана алмаштырылат. Ал жынысын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу ИЖН-кодду өзгөртүүгө уруксат берилбей турганын белгиледи.

Ошондой эле, учурда ИЖН-кодду ыйгаруу боюнча төрөт үйлөрү менен интеграциялык иштер жүрүп жатканы, ал эми ИЖН алмаштыруу маселеси жарандардын жеке кайрылуусунан кийин жана себептери толук изилденген соң гана каралары айтылды.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 95
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X