Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, силкинүү бүгүн саат 10:45те болуп, очогунда күчү 4 баллга жетти.
Жердин титирегени Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.