Күн кескин сууктайт
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү күн кескин сууктап, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аталган күндөргө күтүлгөн аба ырайы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9… -14, күндүз -1… -6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2… -7, күндүз -2… +3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7… -12, күндүз -4… +1;
Нарын облусунда түнкүсүн -23… -28, күндүз -9… -14;
Бишкек шаарында түнкүсүн -7… -9, күндүз -3… -5 градус болот.