"Эркин-Тоо"

Көк бөрү боюнча жогорку жана биринчи лиганын оюндары башталды

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” Республикалык мелдешинин алкагында жогорку, жиринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары старт алды.

Салтанаттуу ачылыш аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Мелдештер төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар:

— Жогорку лига (6 команда);
— Биринчи лига (12 команда);
— Экинчи лига (16 команда);
— Ардагерлер лигасы (6 команда).

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!