Күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

7-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, силкинүү бүгүн саат 10:45те болуп, очогунда күчү 4 баллга жетти.

Жердин титирегени Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

7-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X