Күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөдү

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 43

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөгөнү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.

Мониторингге ылайык, 18-апрелге салыштырмалуу күйүүчү майдын бир литринин баасы 1,6 сомго чейин арзандаганы байкалган.
Анда Red Petroleum тармагында дизель майы 1,6 сомго, АИ-95 1 сомго арзандаса,
Bishkek Petroleumда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,6 сомго арзандаган.

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X