Күн ысыйт. 2-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
2-апрель күнү өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Ысык-Көл жана Нарыноблустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 19…22 градус болот.