Көбөйтүлгөн айлык туруктуу сакталат

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 31

Кечээ, 11-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азайышы мүмкүн. Себеби акча иштин көлөмүнө жараша көбөйтүлүп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги бул маалыматты четке какты.

Министрлик мугалимдердин көбөйтүлгөн айлык акылары туруктуу сактала тургандыгын билдирди.

«Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет.
Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат»- деп айтылат маалыматта.

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X