Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын PR-менеджери Айзада Нурадилева бул жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзгөчө форматта өтөөрүн билдирди. Ушул күндөрдө ага даярдык кызуу башталып, элчилерди дайындоо, келишимдерди түзүү, расмий видеороликтерди тартуу иштери башталган. Биз Айзада айымга кайрылып, бул жолу оюнга кандай даярдык көрүлүп жатканына кызыгып суроо салдык.
– Айзада айым, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна кандай даярдыктар көрүлүп жатат? Анын өзгөчө форматта өтөөрү айтылууда?
– Ооба, даярдык иштери жүрүүдө. Оюндарга 90го чукул өлкөдөн катышуучулар менен меймандардын келиши күтүлүүдө. Азыр иш-чараны таанытуу, элчилерди жайылтуу иштери уюштурулуп жатат. ДКОну ар кайсы тармакта амбассадорлор таанытат. Алсак, Айсулуу Тыныбекова, Эдуард Кубатов, Айым Айылчиева, Манас Ниязов, Адилет Ногойбаев, Келдибек Атайбеков, Асел Минагава өңдүү 30дай белгилүү адам менен келишим түзүлдү. Алар түрдүү тематика боюнча маалымат берип, оюндардын маанилүүлүгүн чагылдырышат. Андан тышкары ачылыш аземине чейин бир топ иш-чаралар орун алат. Мисалы, “Биримдик Кербени” уюштурулат.
– Бул кандай кербен? Ага кимдер катышат?
– Көчмөндөр оюнунда башкы 1 баатыр жана жети облус жана эки шаардын ар биринен 10 элчи бирден баатыр шайланат. Алардын негизги вазийпасы облустардагы дарыя же мөңгүдөн суу алып, ачылыш аземге алып келүү болот. Тактап айтсак, июнь айында элчилер жана баатырлар өздөрү дайындалган аймактардагы мөңгү жана дарыялардан көөкөргө суу алышат. Ал суу аймактарда атайын кооздолгон жайларга сакталат. Суу куюлган көөкөр сакталган жерге жергиликтүү эл келип көрүп, сүрөткө түшүп кетсе болот. Кийин бул суулар борбор калаага алынып келинет. Көчмөндөр оюнунун негизи баатыры Хан-Теңири чокусундагы мөңгүдөн суу алып келет. Оюндун ачылыш аземинде ушул суулар бириктирилет. Бул символикалуу бир учур болот. Эгер башка өлкөдөн келген оюнчулар өздөрүнөн суу алып келип кошобуз десе ал да кошулат. Чогултулган суу оюндарды өткөрүү кезегин алган өлкөгө тапшырылат. Азыр ушул иш-чаралар уюштурулууда. Оюндун ачылышын театралдаштырган режиссёрлор да иштеп жатышат. 2026-жылдын 31-августу, Эгемендик күнүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болсо, негизги иш-чаралардын бардыгы Ысык-Көл облусунда өтүп, 6-сентябрда жыйынтыкталат.
Жазгүл Кенжетаева

