Келе жаткан жылы айлык акылар 50%га чейин жогорулайт

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

Кыргызстанда 2026-жылдан тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагындагы кызматкерлердин жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акылары кеминде 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев билдирди.

Төраганын айтымында, айлык акыларды көтөрүү эки баскычта ишке ашат:

  • 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагындагы жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлыгы 50%дан кем эмес көбөйөт;

  • 1-сентябрдан тарта муниципалдык жана мамлекеттик айрым кызматкерлердин маянасы 50%га чейин жогорулайт.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдан бери мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгы 10 пайыздан 130 пайызга чейин көтөрүлдү жана айлык акыларды жогорулатууга кошумча 18 млрд сомго жакын каражат бөлүндү.

Адылбек Касымалиев пенсия маселесине дагы токтолуп, мындай деди:

«Буга чейин биз минималдык пенсияны 6900 сомго көтөргөнбүз. Быйылкы жылдын (2025-жыл) октябрь айынан баштап 6900 сом алгандар 7500 сом алып жатышат. Ал эми жаңы пенсияга чыгып, төлөмү аз төлөнгөндөрдү минималдуу 7100 сомго чыгарып жатабыз. Мындан ары дагы биз пенсияны көбөйтүү багытында иштерди жүргүзөбүз жана социалдык фонд дагы мунун үстүндө иштеп жатат”.

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X