Көлдүн түбүнөн дрондун жардамы менен тор чыгарылды

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Чолпон-Ата шаарында суу астында иштей турган дрондун жардамы менен Ысык-Көлдүн түбүндө көптөн бери жаткан балык уулоочу тор табылып, суу бетине чыгарылды.

Маалыматка ылайык, атайын техника көлдүн түбүн текшерүү учурунда мыйзамсыз салынган торду коопсуз ыкма менен алып чыгууга мүмкүндүк берди.

Аталган дрон мындан ары издөө-куткаруу иштеринде жана Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо багытында пайдаланылат.

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X