Көп кабаттуу үйдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 31

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштамакчы болгон кызды куткаруучулар аман алып калды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү №41 үйдө жайгашкан батирдин терезесинен 30 жаштагы О.М аттуу кыз өз жанын кыюу үчүн секирүүгө аракет кылган.

Ал терезесинде туруп, боюн таштоого аракет кылып жатканын Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары куткаруучуларга кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ал психикалык жактан жабыркап келген.

Окуя болгон жерге алты куткаруучу барып, аялды аман алып калышты.

Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X