Көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта Россия жеңишке жетти

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 46

Кытайдын Пекин шаарында  өтүп жаткан Олимпиадада россиялык спортчулар көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта алтын медал утуп алышты. Экинчи орунду АКШнын, үчүнчүнү Япониянын спортчулары ээлешкен. Россиялыктар алтын медалды мелдештин биринчи күнү эле камсыздашкан.

15 жаштагы Камила Валиева төрт жолу чимирилип секирген көнүгүүнү Олимпиадада кыз-келиндер арасында биринчи болуп аткарган спортчу катары тарыхка кирип калды. Россиялык команда допинг чырынын кесепетинен Россиянын Олимпиада комитетинин желеги астында мелдешип жатат. Медал тапшыруу аземинде улуттук гимн эмес, Петр Чайковскийдин чыгармасынан үзүндү жаңырууда.

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X