«Кабар» маалымат агенттигине жаңы жетекчи дайындалды

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 41

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев (Кубан Абдымен) кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин дагы бир тескемеси менен бошогон кызмат орунга Медербек Шерметалиев дайындалды.

Кубанычбек Таабалдиев «Кабар» маалымат агенттигине 1998-жылы директор болуп келип, 2006-жылы иштен кеткен. Бирок 2011-жылы ошол кездеги Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен кайрадан директорлукка дайындалган.

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X