Кадамжайда ишкерди коркутуу менен акча талап кылууга шектелген адам кармалды

4-июль, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 42

Кадамжай районунда ишкерди коркутуу менен акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июнда Кадамжай районунда Полотхан айыл аймагынын тургуну Х.М. милицияга арыз менен  кайрылган. 27-июнда У. аттуу жаран жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 доллар берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча «опузалап акча талап кылуу» беренеси менен иш козголгон. Жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Баткен ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, 1986-жылы туулган А.А. кармалган.

Алынган ыкчам маалымат боюнча, кармалган жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүү жаран А.А. Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

4-июль, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X