Кадамжайда күйөөсү аялын бычактап, өзү асынып алды

21-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 38

19-июнда Кадамжай районунда күйөөсү аялын бычактап, өзү асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы Кадамжай районунун Б.Б. аттуу тургуну 35 жаштагы Н.А. аттуу аялын бычактап өлтүргөн. Андан кийин аталган райондогу Тамаша айылындагы үйүндө өзү асынып алган. Маркумдар 20-июнда жерге берилди. Алар классташтар болгон.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатактар чыгып турган. Алардын өлүмгө жеткирген чырына кызганыч себеп болгону айтылууда.

Алардын артында 3 уул, 1 кызы калды.

21-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X